Бычак кармаган киши. Архив

Россияда апасы менен инисин союп салды делген 21 жаштагы жигит кармалды

191
(жаңыланган 12:00 08.08.2016)
Окуя болуп жатканда кокустан үйүнө келип калган атасы уулунан куралдын жарамы менен коргонгон.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Россиянын Калуга облусунда 21 жаштагы бала апасын жана инисин өлтүрдү деп шектелип жаткандыгын РИА Новости Россиянын тергөө комитетине таянуу менен билдирди. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык ишемби күнү болгон. 

"Кылмышка 21 жаштагы жигит жана сүйлөшүп жүргөн кызы экөө шектелүүдө. Алар баланын ата-энесинин үйүнө келип, апасын жана 14 жаштагы инисин союп салышкан. Кылмышты кимиси кылгандыгы тактала элек", — деп айтылат маалыматта. 

Ал ортодо үйүнө кокустан келип калган атасы эки жаштан куралдын жардамы менен коргонгон. Ал кармашып жатып бычактан жаракат алган. 

Ал эми буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары баңгизат чегип алган эки жаш наркотик сатып алуу үчүн үйдөн акча издешкенин, ошондон улам аталган кылмышка баргандыгын жазып чыгышкан. 

191
Белгилер:
энелер, баңгизат, кылмыш
Тема боюнча
Баласынын көзүнчө энесин зордуктады деген таксист окуянын чоо-жайын айтып берди
Пикирлер