Документи жок бензинди чек арадан алып өтүүгө көз жумган кызматкерлер жазаланат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБензин цистернасы. Архив
Бензин цистернасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фактыга ылайык Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кун-Булун унаа жолу" өткөрмө пунктунан мыйзамсыз сакталган күйүүчү майлоочу каражат кармалды. Бул тууралуу Финансылык полиция кызматынан кабарлашты. 

Мыйзам бузуу фактысы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда аныкталган. 

"Жүк ташуучу унаадагы колго жасалган цистернадан 26 тонна күйүүчү майлоочу каражат табылды. Ал эч кандай документи жок Кыргызстандын чек арасына өтүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган фактыга ылайык "Кун-Булун унаажолу" өткөрмө пунктунун кызматкерлери менен жүк ташуучу унаанын айдоочусуна Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0