Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп, Кытайга учууга ниеттенген Түштүк Корея жараны кармалды

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүЧек арадан өтүп бараткан адам. Архив
Чек арадан өтүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жарандын Казакстанда жүрүү мөөнөтү аяктап калган. Ал эми Кыргызстанга өтүүнү ага казак жарандар уюштуруп беришкен.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чүйдө кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Түштүк Кореянын жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Аэропоттон чыгып жаткан адам. Ахрив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунда "барымтада" калган адам бошотулуп, өлкөгө киргизилди
Маалыматка ылайык, чет элдик жаранды Аламүдүн районунун Молдовановка аймагындагы "Кант" заставасынын чер арачылары колго түшүргөн. 

Сурак жүрүшүндө Казакстанда жүрүү мөөнөтү бүтүп калгандыктан аталган жаран Кыргызстанга өтүп, бул жерден Кытайга учуп кетүү ниети болгонун айтып берген. Ал эми Кыргызстанга мыйзамсыз өтүү жолдорун казак жарандар уюштуруп беришкен.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин чет элдик киши УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0