Пакистанда ооруканадагы жардыруудан 93 киши набыт болду

© REUTERS / NASEER AHMEDПакистандын Кветта шаарындагы ооруканадагы жардыруу
Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканадагы жардыруу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерде атышуулар угулганы маалымдалат. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү медициналык борбордун аймагын курчоого алышкан.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканадагы жардыруудан каза болгондордун саны 93кө жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 53 жаран каза таап, 56 адам жаракат алганы маалымдалган. 

Лондон шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лондондо 19 жаштагы жаран кишилерге бычак менен кол салды, каза болгондор бар
Жардыруу дүйшөмбү күнү таң эрте Белужистандагы адвокаттардын ассоциациясынын президенти Билял Анвар Каси өлтүрүлгөндөн эки саат өткөндөн кийин болгон. Анын денеси госпиталга жеткирилгенден кийин медициналык борборго анын кесиптештери, тааныштары жана ЖМК өкүлдөрү келгенден кийин жардырылган. Бир нече адвокаттар жарадар болсо, бир журналист каза таап, дагы бирөөсү оор жаракат алган. 

Белужистан провинциясынын ИИМнин башчысы жардырууну жанкечти жасаганын билдирди. Саперлордун маалыматына караганда жанкечтинин курунда 8-10 килограмм жардыргыч болгон. 

Окуя болгон жерде атышуулар угулганы маалымдалат. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү медициналык борбордун аймагын курчоого алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0