Кол кишен. Архив

Түркияда кыргыз кызы киши өлтүрдү деп шектелип жатат

265
(жаңыланган 20:40 08.08.2016)
Кыргызстандык кыздан сырткары Түркиянын дагы бир жараны шектелип кармалды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Түркиянын Конья шаарында Кыргызстандык кыз түрк жараны Муаммер Башактын аттуу жаранды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул туурасында HaberTurk агенттиги жазды.

Басылма 24 жаштагы эркек кишинин сөөгү 4-августта өзүнүн үйүндө табылганын жана анын өлүмүнө 21 жаштагы кыргызстандык Ханзада аттуу кыз шектелип жаткандыгын билдирген. Маалыматта, кыздын өлгөн киши менен бирге жашагандыгы маалымдалган.

Тартип коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берип жаткан учурда кыз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, аны жоолугу менен муунткандыгын айтып берген. Ал үйдөн чыгып бара жатканда өлүк жыттанып кетпеш үчүн желдеткичти иштетип кеткендигин кошумчалаган. Ханзаданын ал кишини эмнеге өлтүргөн себеби ачык жазылган эмес.

Бул ишке кыргызстандык кыздан сырткары Түркиянын Хусейин аттуу жараны шектелип кармалды.

265
Белгилер:
киши өлтүрүү, кылмыш, өлүм, Түркия
Тема боюнча
Түркияда 98 уйгурга паспорт жасап бергендер Кыргызстанга алып келинди
Бишкектик Отелло: кызганчаак күйөө уктап жаткан аялын муунтуп өлтүрдү
Пикирлер