Москвадагы кыргызстандыктардын үйлөнүү тоюндагы атышуунун чоо-жайы

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТапанча кармаган адам. Архив
Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки кыргызстандыктын тоюнда чыккан мушташ августтун жетисинен сегизине караган түнү болгон. Басылмалар ок жеген адамдар бар экендигин жазып чыккан.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктардын Москвадагы үйлөнүү тоюнда чыккан мушташ атышууга чейин жеткен. Азырынча окуянын бир дагы катышуучусу кармала элек деп билдирди КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кеткен атышуу боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк расмий маалымат таратты. Анда бир нече кишинин жабыркагандыгы айтылат.

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтеги элчилик: Москвадагы массалык мушташка кыргыздардын катыштыгы тастыктала элек
Элчилик Москванын полициясына таянып, мушташ 7-августтан сегизине оогон түнү болгондугун кабарлады. Чыр чындыгында эле Кыргызстандын эки жаранынын тоюнда чыккан. Жабыр тарткандардын саны 5 адам деп такталып, бардыгы Москва шаарындагы № 12 клиникага жеткирилген. Төртөө ооруканага жатуудан баш тарткан. Полициянын маалыматында, ок жеп, санынан жаракат алган дагы бир жаран медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал да ооруканага жатпастыгын айткан.

Ички иштер бөлүмүнүн Тергөө бөлүмү РФтин 213-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш ишин козгогон. Элчиликтен учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын, азырынча мушташка катышкандардын эч кимиси кармала электигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0