Жумгалда катуу келаткан унаанын ичинен 1 кг марихуана табылды

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүМарихуана. Архив
Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери унаанын токтоткон учурда айдоочу жана жүргүнчүлөр мас абалда болгон.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жумгал райондук ичики иштер башкармалыгынын кызматкерлери бир килограмм баңги зат алып бара жаткан унааны колго түшүргөнүн ИИМден билдиришти. 

Алгач аталган унаа Кочкор — Апал унаа жолунан катуу ылдамдыгы үчүн токтотулган. Тинтүү учурунда айдоочу жана жүргүнчүлөр мас экени аныкталып, унаа ичинен бир килограммдан ашуун марихуана табылган.

Аталган факт боюнча төрт жаран кармалып, аларга карата Жумгал райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0