Түркиянын эки аймагында жарылуу болуп, жети аскер каза тапты

© REUTERS / Murad SezerТүркиянын полиция кызматкерлери. Архив
Түркиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер аскерлер түшкөн автоунаа өтүп бара жатканда жардыргычты иштетип жиберген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Түркияда бүгүн Ширнак жана Диярбакыр аймактарында Күрдистан жумушчулар партиясы тарабынан жасалган кол салуудан жети аскер каза тапты. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылуу менен кабарлады.

Бүгүн Диярбакыр провинциясында аталган партиянын тарапкерлери жасаган жардыруудан үч аскер кызматкери өлүп, экөө жаракат алган. Аны Күрдстан жумушчулар партиясы жасагандыгы маалымдалды. 

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев пакистандыктардын аза кайгасын тең бөлүштү
Ушул эле күнү Ширнак провинциясында дагы Күрдстан жумушчулар партиясы жасаган кол салуудан кеминде беш аскер кызматкери курман болгон. Окуя Улуделе районунда болгон. Согушкерлер аскерлер түшкөн автоунаа өтүп бара жатканда жардыргычты иштетип жиберген. 

Акыркы мезгилдери Диярбакыр шаарында жардыруулар тез-тез кайталанып, алардын бир катарын Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстандын жумушчулар партиясынын мүчөлөрү жасагандыгы айтылып келет.

Расмий Анкара 2015-жылы июль айында Түркияда күрддөрдүн аталган партиясына каршы масштабдуу операция баштаган. Көтөрүлүшчүлөр менен кагылышууда 350 аскер менен полиция курман болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0