Ала-Букада суу сактагычка жуунуп жатып чөгүп кеткен жарандын денеси табылды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСуу жээгиндеги бут кийимдер. Архив
Суу жээгиндеги бут кийимдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун денеси бүгүн саат 11:50 чамасында табылып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда сууга чөккөн кеткен жарандын денеси табылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда 28 жаштагы жаран 7-август күнү Кызыл-Ата айылынын үстүндөгү кичи суу сактагычка жуунуп жатып, чөгүп кеткен. 

Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада маркумдун денесин бүгүн саат 11:50 чамасында табышып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0