Астанада барымтага алынган эки жаран бошотулуп, кылмышкер колго түштү

© Фото / ИА Новости-КазахстанСотрудники полиции Казахстана у ломбарда где неизвестный захватил заложников
Сотрудники полиции Казахстана у ломбарда где неизвестный захватил заложников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуядан ломбарддын ичиндеги баалуу буюмдарга залал тийген эмес.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Астана шаарында барымтага алынган ломбарддын кызматкери бошотулду. Бул тууралуу Новости-Казахстан агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин Астанадагы ломбардды тоноого аракет кылган каракчы ичинде камалып калган. Ал барымтага алган жарандын бирөөсүн бошоткон эле.

"Барымтадагы экинчи адам бошотулуп, 37 жаштагы кылмышкер кармалды. Окуядан эч ким жабыркаган жок", — деп айтылат маалыматта. 

Окуядан ломбарддын ичиндеги баалуу буюмдарга залал тийген эмес. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0