Аудит: Бишкектеги окуу жайларда каражат менен окуу сааттары жетишсиз болуп чыкты

Жазылуу
Текшерүү Бишкек техникалык колледжи, Бишкек унаа-жол колледжи жана Кыргыз-өзбек университетинде жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Эсеп палатасы үч Билим берүү мекемесинин бюджеттик жана башка каражаттарды колдонуусуна аудит жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аудит: Социалдык өнүгүү министрлиги 22 млн. сомду туура эмес пайдаланган
Аудит Бишкек техникалык колледжи Бишкек унаа-жол колледжи менен Кыргыз-өзбек университетинде жүргүзүлдү. 

Аудиттин жүрүшүндө Бишкек техникалык колледжинде окутуулар толугу менен аткарылбаса дагы 36,8 миң сом төлөнүп берилген. Анын 22,1 миң сому бюджеттик каражат болсо, 14,7 миң сом же 289,96 жана 179,5 саат атайын каражаттан бөлүнгөн. 

Жогоруда көрсөтүлгөн сумма колледждин кассасына кайтарылды.

2013-2015-жылдар аралыгында колледжде бюджеттик формада окуган 99 студент чыгарылган. Алардын окуусуна республикалык бюджеттен 2,3 миллион сом жумшалган. Ал эми контракттык негизде окуган 135 студент окуудан четтетилгендиктен 543 миң сомдук атайын каражаттар түшпөй калган. 

Эсеп палатасынын отчетундагы маалыматка караганда Бишкек унаа-жол колледжинде негизсиз түрдө 346,2 миң сом каражат маяна катары төлөнүп берилген. 

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик спорт агенттиги 23 млн. сомдук мыйзам бузганы аныкталды
Кыргыз-өзбек университетинде дагы негизсиз маяна төлөө фактылары катталган. Тагыраагы, айлык катары 48,1 миллион сом ашыгы менен төлөнгөн. Атайын каражаттан 55,4 миң сом колдонулуп кеткен. 

Университеттин 2014-2015-жылдар аралыгында 443 миң 502 саат окутуу өткөрүлүүсү керек болсо, анын 440 миң 028 сааты ишке ашкан. Мындан тышкары 2014-2015-жылдар аралыгында 47 студент окуудан четтетилген. Буга байланыштуу бюджеттик каражаттын 1,2 миллион сому текке кеткен. 

Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарынын негизинде окуу жайларга эскертүү берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0