БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бир кыз көлгө чөгүп кеткени тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда үстүбүздөгү жылдын 21-август күнү саат кечке маал 14 жаштагы кыз көлгө түшүп атып чөгүп кеткен.
Куткаруучулар жеткенге чейин эс алуучулар суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.