Ала-Букадагы Бозумчак кенинде автоунаа оодарылып кетип, бир адам каза болду

© Фото / Арзымат АбдыкеримовБозумчак кени. Архив
Бозумчак кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк-Серек айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Болот айыл башчысы каза болгон жарандын сөөгү үйүнө алып келингендигин айтты.

БИШКЕК, 22-авг — Sputnik. Ала-Бука районундагы алтын жана жез чыккан "Бозумчак" тоо кен компаниясынын аймагында оор жүктү жүктөөчү унаа кырсыкка учурап, аны башкарып бара жаткан Көк-Серек айылынын тургуну каза болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө болгон адам билдирди.

Бул маалыматты Ала-Бука райондук ИИБден тастыкташты.

"Аралык алыс болгондуктан, кен чыккан жерден маалымат келе элек. Ал 29 жаштагы жаран жана ишкананын кампасынын кызматкери болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам барган жок",- деди милиция кызматкери.

Бул маалыматты KAZ Minerals Бозумчак компаниясынан да тастыкташты. Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Жайылбек Дадиев кырсык болгондугун жана трагедияны иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлө тургандыгын билдирди.

"Кырсыктын себебин аныктоо боюнча иш алып барабыз. Анын жыйынтыгын кийинчерээк билдиребиз", — деди Дадиев.

Көк-Серек айыл өкмөтүндөгү Кош-Болот айылынын башчысы Үсөн Кудайбердиев маркумдун сөөгү үйүнө алып келингендигин айтты. 

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кумтөрдө" таш майдалоочу жабдуу менен иштеген жумушчу каза болду
"Анын сөөгүн медиктер жана Казакмыстын кендеги жетекчилери алып келди", — деди айыл башчы.

Бозумчак — Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районундагы алтын жана жез кени. Ал аймакта Көк-Таш жана Көк-Серек айылдары жайгашкан. 

Айыл өкмөтү учурда аталган компаниянын өкүлдөрү ошол жерде жүрүшкөндүгүн билдирди.

Каза болгон кызматкер аталган компанияда бир нече жылдан бери иштеп келгендигин, бир уулу жана бир кызы бар экендигин кошумчалашты.

Кенди учурда KAZ Minerals PLC компаниясы иштетип келет. Казуу иштери 2014-жылы башталган. Ал учурда кенде алына элек 426 миң тонна жез кени болгон. Алгач ачык түрдө казып иштетип, жылына миллион тоннага чукул жез алуу пландалган. Бозумчактагы өндүрүш орто эсеп менен жылына 6 миң тонна жез жана 28 миң унций алтын деп эсептелген.
Жаңылыктар түрмөгү
0