УКМК түнкү операция учурунда террордук топтун лидерин колго түшүрдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүСотрудники правоохранительных органов во время спецоперации. Архивное фото
Сотрудники правоохранительных органов во время спецоперации. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин операция Тыныстанов көчөсүндө болгондугу, аны УКМКнын атайын даярдыктагы "Альфа" тобу жүзөгө ашырганы айтылган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкекте 24-августка караган түнү террористтик топтун лидерин кармоо боюнча атайын операция жүрдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Камакка алынган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Алматыда кармалган террордук топтун ичинде кыргызстандык бар экени тастыкталды
Маалыматка ылайык, иш-чара учурунда Кыргызстандын 24 жаштагы жараны кармалып, анын жанынан ПМ тапанчасы, РГД-5 гранатасы, жардыруучу заттын шаймандары, 5,45 жана 9 миллиметрлик калибрлүү ок-дары жана үгүт материалдар табылган.

Колго түшүрүлгөн жаран камакка алынды.

Учурда кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан иликтөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0