Күбө: Бишкек — Ош унаа жолунда Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти

© Фото / отправленное по Whats App-каналуАвтомобиль марки Mercedes Benz горит у трассы Бишкек — Ош
Автомобиль марки Mercedes Benz горит у трассы Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяга күбө болгон айдоочулар өрттү өчүрүүгө аракет көргөнү менен майнап чыккан эмес.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткендигин окурман WhatsApp-канал аркылуу билдирди.

Анын айтымында, окуя 22-август күнү Ош шаарынан 30 чакырым алыстыкта болгон. 

"Айдоочу унаасынан түтүн чыгып жатканын көрүп дароо токтоду. Анан башка айдоочулар менен бирге жалынды өчүрүүгө аракет кылышты. Качан гана от бензин бак турган жакка жеткенде жарылып кетпесин деп ары жакка жылып кеттишти",- деди күбө.

Ал эми ӨКМден аталган окуянын чоо-жайы иликтенип жаткандыгын, кырсыктан эчким жаракат албагандыгын кошумчалады.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0