ТИМ: Москва шаарындагы өрттөн көз жумгандардын баары кыргызстандыктар эмес

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы өрттөнгөн басмакана
Москва шаарындагы өрттөнгөн басмакана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары 17 адам каза болгондугун жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Москва шаарындагы өрттөнгөн басмаканада кыргызстандык 14 жаран каза болду. Ал эми көз жумгандардын экөө башка өлкөнүн атуулдары. 

Эске сала кетсек, Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан

Окуяга күбө болгондордун айтымында, өрт чыккан имараттын ичинде кеминде 17ге чукул киши калып калган. Алардын арасында жаш улан-кыздар жана кош бойлуу келин да болгондугу айтылган.

"Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, каргашалуу окуядан 16 адам каза болду. Алардын 14ү Кыргызстандыктар", — деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жаткандыгын билдирди.

Москва шаарындагы кыргызстандыктар каза тапкан басмаканада чыккан өрттөн тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0