Шакиров: Москвадагы өрттөн каза болгондордун көбү кыз-келиндер болуп чыкты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүӨрт кызматкерлери. Архив
Өрт кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал кырсыктан 16 адам каза болгондугун, 1 адам реанимацияга жаткырылгандыгын айтты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Москва шаарындагы өрттөн каза болгондордун баары кыз-келиндер болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Москва шаарынан "Кыргыз биримдиги" бирикмесинин жетекчиси Абдыганы Шакиров билдирди.

Анын айтымында каза болгондордун арасында кош бойлуу келин 18 жаштагы кыз болгон.

"Учурда кыргыздар чогулуп кырсык болгон жерге келдик. Колдон келген жардамыбызды берип жатабыз. Каза болгондордун баары кыз-келиндер болуп чыкты. Мага жеткен маалымат боюнча көз жумгандар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тургундары экен", — деди Шакиров. 

Москва шаарындагы өрттөнгөн басмакана - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Москва шаарындагы өрттөн көз жумгандардын баары кыргызстандыктар эмес
Ал кырсыктан 16 адам каза болгондугун, 1 адам реанимацияга жаткырылгандыгын айтты.

"Набыт болгондордун 14ү кыргызстандыктар. Бул жактагы диаспоралар алардын сөөктөрүн Кыргызстанга жөнөтүүгө жардам беребиз", — деди ал.

Эске сала кетсек, Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында жалын чулгаган имараттын ичинде кеминде 17ге чукул киши калып калган. Жаракат алгандардын саны — үчөө. Ажал тапкандардын арасында жаш улан-кыздар жана кош бойлуу келин калып кеткендиги айтылууда.

Москва шаарындагы кыргызстандыктар каза тапкан басмаканада чыккан өрттөн тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0