Ош-Бишкек жолунда автокырсык 9 кишинин өмүрүн алып кетти

Жазылуу
Эки автоунаа маңдайлаша кагышып, сегиз киши ошол жерден жан берсе, бирөө ооруканага алып бара жатканда жолдон көз жумган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ош-Бишкек жолунда автокырсык тогуз кишинин өмүрүн алып кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык Жайыл районунда болуп, Volkswagen Passat менен Mitsubishi Lancer үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Окуя болгон жерге Тез жардам менен куткаруучулар келген. Эки автоунаа маңдайлаша кагышып, сегиз киши ошол жерден жан берсе, бирөө ооруканага алып бара жатканда жолдон көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0