Москвадагы өрт: окуянын хронологиясы, тирүүлөй өрттөлгөн мекендештер, өчкөн өмүрлөр

© AFP / VASILY MAXIMOVМосква шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоонун кесепети
Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоонун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарында басмакананын кампасында чыккан өрт 17 кишинин өмүрүн алып кетти. Алар алгач, КМШ мамлекеттеринин жарандары деп, андан кийин чагылган сымал "Кыргызстандыктар экен" деген кабар тарады.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоодон адамдар каза тапты. Алардын 15и кыргызстандыктар болуп чыкты.

Sputnik Кыргызстан өрт боюнча хронологиялык типте маалыматтарды тизмектеп, канча кишинин өмүрү өчкөнүнө жана анын айтылып жаткан себептерине токтолду.

Кырсык саат канчада тооруган?

Москванын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы башкармалыгынын берген маалыматында, өрт туурасында кабар эртең мененки 7:56да (ал кезде бизде 10:56 болчу) келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге 5 мүнөттө барган. Тилсиз жоо 200 чарчы метрди каптаган. Алардын убактысы менен саат 9:51де (Бишкекте 12:51) өрт өчүрүлгөн. Буга 30 техника жана ӨКМдин 110 кызматкери тартылган. 

Трагедиянын себеби эмнеде?

Россиянын Тергөө комитети Москванын Алтуфьевск шоссесиндеги басмаканада өрт электр лапмасынын зымдарынын кызып кеткенинен чыккан деп билдирди. Буга чейин атайын өрт коюлган деген кептер да тарап кеткен. Бирок, ал тастыкталган жок. 

Каза болгондор жөнүндөгү жүрөк үшүткөн сандар

Алгач, көз жумгандар КМШнын 16 жараны деген кабар түшкөн. Кийинчерээк Москва шаарындагы өрт чыккан басмаканада каза болгондор Кыргызстандын жарандары экендигин Россиялык ӨКМдин Москва шаары боюнча жетекчиси Илья Денисов билдирип, окуяны чоо жайын айтып берди. Андан кийин ооруканадан бир мекендешибиз каза болду деген маалымат тарады. 

ТИМ акыркы маалыматында баш-аягы болуп 17 киши курман болгонун, ал эми үчөө – бир аял менен эки эркек оор абалда ооруканада жаткандыгын айтты. Расмий түрдө көз жумгандардын 15и кыргызстандыктар деген жүрөк үшүткөн сандарды атады.

Көп өтпөй Москва шаарындагы "Кыргыз биримдиги" бирикмесинин жетекчиси Абдыганы Шакиров каза болгондордун көбү кыз-келиндер экендигин билдирди. Ал өрт Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тургундарынын өмүрүн алып кеткендигин айтты. 

Трагедиянын чоо-жайы

Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар каза болгон Москва трагедиясынын сүрөттөрү
Россиялык ӨКМдин Москва шаары боюнча жетекчиси Илья Денисов окуяны чоо-жайын айтып берип, кырсыктын себеби лапма деген версияны билдирди. Кишилер сыртынан кулптанып калганы үчүн эшикке чыгууга мүмкүн болгон эмес деген маалыматты четке какты. Бир катар басылмалар кыргызстандыктар ал жерде туруктуу жашаган деген маалыматты жазды. 

РИА Новости куткаруучулар имараттын төртүнүч кабатындагы эс ала турган жайдан 16 адамдын күйүп жаткан денесин тапкандыгын кабарлады. 

Тагдырлар

Күйүк алган кайнага, айылга кеткен келинчек, өрттө калган кош бойлуу аял. Бизге сүйлөп берген Москвада жашап жаткан жаран атын атагысы келбей, бирок, өрттөн боюнда бар кыргызстандык келин каза болгондугун билдирди. Ал аталган басмаканада 9 жыл эмгектенип, кийин башка ишке которулуп кеткенин, акыркы мезгилде аялы жана кайнагасы иштеп жаткандыгын айтты.

"Жакында эле аялымды Кыргызстанга жөнөтүп жибергем, ал эми кайнагам азыр шок абалда, денесин көпчүлүк бөлүгүн күйгүзүп алыптыр", — деди. 

Кубатбек ишке кечигип келип, ажалдан аман калган. Бизге ал жигит эрте келгендер өрттү көрбөй калып, имаратка кирип кетишкендигин, ал эми жалын заматта күчөп, шахтанын лифти менен башка кабаттарды каптагандыгын айтты. Бирок, ал карап туруп албай, өрттүн ичине кирип барып, эс ооп калган аялды эшикке алып чыгыптыр

© AFP / VASILY MAXIMOV Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоодон адамдар каза таап, анын ичинен басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар болуп чыкты.
Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоодон адамдар каза таап, анын ичинен басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар болуп чыкты. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоодон адамдар каза таап, анын ичинен басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар болуп чыкты.
© AFP / VASILY MAXIMOVМоскванын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы башкармалыгынын берген маалыматында, өрт туурасында кабар эртең мененки 7:56да (ал кезде бизде 10:56 болчу) келип түшкөн.
Москванын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы башкармалыгынын берген маалыматында, өрт туурасында кабар эртең мененки 7:56да (ал кезде бизде 10:56 болчу) келип түшкөн. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Москванын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы башкармалыгынын берген маалыматында, өрт туурасында кабар эртең мененки 7:56да (ал кезде бизде 10:56 болчу) келип түшкөн.
© AFP / VASILY MAXIMOVӨрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге 5 мүнөттө барган. Тилсиз жоо 200 чарчы метрди каптаган.
Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге 5 мүнөттө барган. Тилсиз жоо 200 чарчы метрди каптаган. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге 5 мүнөттө барган. Тилсиз жоо 200 чарчы метрди каптаган.
© Sputnik / Анастасия АлександроваАлардын убактысы менен саат 9:51де (Бишкекте 12:51) өрт өчүрүлгөн. Буга 30 техника жана ӨКМдин 110 кызматкери тартылган.
Алардын убактысы менен саат 9:51де (Бишкекте 12:51) өрт өчүрүлгөн. Буга 30 техника жана ӨКМдин 110 кызматкери тартылган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Алардын убактысы менен саат 9:51де (Бишкекте 12:51) өрт өчүрүлгөн. Буга 30 техника жана ӨКМдин 110 кызматкери тартылган.
1/4
Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоодон адамдар каза таап, анын ичинен басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар болуп чыкты.
2/4
Москванын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы башкармалыгынын берген маалыматында, өрт туурасында кабар эртең мененки 7:56да (ал кезде бизде 10:56 болчу) келип түшкөн.
3/4
Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге 5 мүнөттө барган. Тилсиз жоо 200 чарчы метрди каптаган.
4/4
Алардын убактысы менен саат 9:51де (Бишкекте 12:51) өрт өчүрүлгөн. Буга 30 техника жана ӨКМдин 110 кызматкери тартылган.

Бийлик эмне деди?

Москванын мэри Сергей Собянин каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ал эми Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өрттүн чоо-жайын иликтөө боюнча тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге жана ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге тапшырма берди.

Москва шаарындагы өрттөнгөн басмакана - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Москва шаарындагы өрттөн көз жумгандардын баары кыргызстандыктар эмес
Окуя болгон жерге ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү чыгып кетти деген маалымат түштү. Андан сырткары "Кыргыз биримдиги" бирикмесинин жетекчиси Абдыганы Шакиров ал жерде жүргөндүгүн диаспоралар биригип, колдон келген жардамын берүүгө даяр экендиктерин телефон аркылуу билдирди. 

Кыргызстандыктар каза болгон Москва трагедиясынын сүрөттөрүн бул жерден көргөндө жүрөк кайрадан канайт. 

ТИМ жаракат алып ооруканага түшкөн жарандардын атын-жөнүн кабарлады.

Ал эми каза болгон мекендештердин толук аты-жөнү, кара тизме азырынча белгилүү боло элек.

Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында жүрүп өрткө кабылган учурлар боюнча маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин бул жердеги топтомунан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0