БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Токмок шаарында "Токмоксууканал" ишканасынын аймагында канализация кудугун оңдоп жаткан үч кызматкердин бири газга ууланып каза болсо, экөө ооруканага жаткырылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 2-сентябрда саат 10.30да болгон. Аталган ишкананын үч кызматкери канализацияны оңдоого чыккан.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам дарыгерлери Токмок шаардык ооруканасына жеткиришкен.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Санэпидкөзөмөл борборуна таянып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып каза болгон алты адам тууралуу маалымат таратты.
Борбордун адистери менен аймактык оорукананын дарыгерлери биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен уулангандар суу кошулган спирт ичишкени аныкталган.
"Ыкчам маалымат боюнча, 2-март күнү Кара-Суу айылынын 19 тургуну Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде түштөнүшкөн. Жабырлануучулар салат, бешбармак жеп, суу кошулган спирт ичимдиктерин ичишкенин билдиришкен. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик каза болгондордун баары Кара-Суу айыл аймагынын тургундары болгонун кошумчалап, аты-жөнү такталганын билдирген.
Маалыматта үч киши үйүнөн, дагы үчөө ооруканага түшкөндөн кийин көз жумганы айтылды. Аксынын ооруканасында бир адам дарыланууда, анын абалы орточо оор деп бааланып жатат.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулануудан каза болгон адамдардын аты-жөнү такталды.
Кара-Суу айыл аймагынын маалыматына ылайык, каза болгондордун баары жергиликтүү тургундар.
Алар:
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиясы Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.
Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынган, ага Калиева өзү катышкан эмес.
Буга чейин УКМК Калиева ар кандай шылтоо менен Дисциплинардык комиссиянын ишин чоюп келе жаткандыгын айткан. Буга Жогорку соттун маалымат кызматы жыйын башкы судьянын ден соолугуна байланыштуу жылдырылып келгенин билдирген.
Атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтып, ага карата иш козголгонун билдирген.
Атайын органдын мындай маалыматына Жогорку сот жооп берип, акыркы учурда УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айткан. Ошондой эле бул сот системасынын беделин түшүрүп жатканы кошумчаланган.