Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарында бир артист чычаңын сындырып алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМашина скорой помощи. Архивное фото
Машина скорой помощи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кырчын жайлоосунда "Кыргыз айылы" этно шаарчасы тигилип, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда.

КЫРЧЫН, 4-сен. — Sputnik. Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан оюн-зоок учурунда бир артисттин чычаңы сынып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Саламаттык сактоо министрлигинин Кырчын жайлоосуна координатору Тилек Жантайбеков билдирди.

Кырчын жайлоосунгады этно-шаарча. - Sputnik Кыргызстан
Кырчындагы элдин коопсуздугун 600дөн ашуун күч органдары сактоодо
Маалыматка ылайык, артист театрлаштырылган оюн-зоок учурунда чычаңын сындырып алган. Учурда ага тез жардам кызматынын дарыгерлери алгачкы жардамды көрсөтүүдө. Эгерде анын абалы оор болсо Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жаткырылат.

Эске сала кетсек, учурда Кырчын жайлоосунда "Кыргыз айылы" этно шаарчасы тигилип, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары уланууда. Анда 600дөн ашык милиция кызматкери коопсуздукту сактап жатат. Көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0