Өзгөндө үч күндүк ымыркайын көчөгө таштап кеткен аял изделүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЫмыркайды көтөргөн аял. Архив
Ымыркайды көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда наристе аймактык ооруканага алып келинип, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ош облусундагы Өзгөн районунда жаңы төрөлгөн үч күндүк эркек баласын көчөгө таштап кеткен эне изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев маалымдады. 

Маалыматка ылайык, бала 3-сентябрда көчөдөн табылган.

"Ымыркайдын абалы учурда жакшы. Ал Мырзаке айылындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө дарыгерлер тарабынан көзөмөлгө алынды", — дейт Ашырбаев. 

Баласын таштап кеткен аял учурда милиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0