Ош тургунунун үйүнөн 5 кг героин жана 13 кг апийим табылды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүПакеттеги баңгизат. Архив
Пакеттеги баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ыкчам иликтөөнүн кызматкерлери шектүү жаран маңзатты кайдан алганын териштирип жатат.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ыкчам иликтөө кызматынын өкүлдөрү Ош шаарынын тургунун үйүнөн 5 килограммдан ашык героин жана 13 килограммга жакын апийим таап чыгышканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Казак чек арачылары КР жаранынын жасалма бутунан баңгизат алып чыкты - Sputnik Кыргызстан
Казак чек арачылары КР жаранынын жасалма бутунан баңгизат алып чыкты
Маңзатты сатууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын 60 жаштагы тургунун кармашкан. Ал маңзатты мыйзамсыз сатуу аракеттерине катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды. Учурда ыкчам иликтөөнүн кызматкерлери 60 жаштагы киши маңзатты кайдан алганын териштирип жатат.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0