БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 515-чакырымында Toyota Highlander автоунаасы менен автобус кагышып, жол тандабастын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болгонун ӨКМ билдирди.
Ошондой эле Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда да саат 01:30дар чамасында Ак-Терек менен Жыргалаң айылдарынын ортосунда Audi A6 автоунаасы менен Audi 100 машинасы сүзүшкөн.
Анын кесепетинен Audi A6 автоунаасынын 62 жаштагы айдоочусу каза болгон, туугандары денесин алып кетишкен. Анын жанындагы жүргүнчүсүн тез жардам кызматы Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирген.
Ал эми Audi 100 машинасынын 22 жаштагы айдоочусунун буту кыпчылып калып, сынган. Аны куткаруучулар чыгарышкан. Айдоочунун жанындагы аялы менен кызын Тез жардам кызматы Жети-Өгүз райондук ооруканасына алып кеткен.