Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаалар кагышып, жол жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош жолундагы унаа. Архив
Бишкек — Ош жолундагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жаракат алган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Жалал-Абад облусундагы 402-чакырымында оор жүк ташуучу Howo жана Man үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жолго мазут төгүлгөн. Жол кырсыктын кесепетинен унаа жол жабылганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 8-сентябрда саат 08:10 чамасында болгон. Кырсыктан эки унаанын айдоочулары жабыркаган.

Учурда жол тейлөө ишканасы менен ӨКМдин кызматкерлери жол каттамын жөнгө салуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0