Президент Атамбаев кезектеги ырын кыргыз тилинде аткарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКР президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
КР президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырда президент керек болсо мекен үчүн башын курман кыларын айткан.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кезектеги, кыргыз тилиндеги "Кыргызстаным" деп аталган ырын коомчулукка алып чыкты. Бул чыгарма адаттагыдай эле Toptash production студиясынын Youtube каналына жарыяланган. Аты айтып тургандай эле чыгарма мекен темасына арналган.

Атамбаев "Кыргызстанымды" да гитаранын коштоосунда аткарган. 3 мин 40 секундага созулган обондуу ырды өлкөнүн кооз жерлери, Ысык-Көл, Сулайман-Тоо жана карагай черлүү табияттын тартылган видеосу коштойт.

Андан сырткары Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" жана Мелис Убукеевдин "Манастын ааламы" тасмаларынын фрагменттери колдонулган. 

Ыр 

Элестетем Ала-Тоонун ак кырларын,
Ысык-көлдүн шыбыраган миң сырларын.
Элестетем өскөн жерим, ар ташыңды
Курман кылам мен сен үчүн өз башымды,
 — деп башталат.

Атамбаев буга чейин бир нече ырларын орус тилинде аткарып, коомчулукка тартуулаган.

Бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү, мамлекет башчысы  60 жашка чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0