Милиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү

Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар делген укук коргоочу кармалды

(жаңыланган 16:59 21.09.2016)
Шек менен кармалган 36 жаштагы киши Ош шаарындагы "Правосудие-Истина" деп аталган укук коргоо уюмунун мүчөсү болуп чыккандыгы кабарланды.
Замир Сыдыков: укук коргоочунун иш ордунан "Хизб ут-Тахрир" адабияттары табылды

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун адабияттарын таратты деген шек менен 36 жаштагы укук коргоочуну кармады. Бул туурасында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"Жеке ишкерлик менен алектенген ишкер өзүнүн иштеген ордунда "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеяларын жайылтуу максатындагы баракчаларын, китепчелерин жайылтууга шарт түзүп берген", — деп билдирди Сыдыков. 

Шек менен кармалган 36 жаштагы киши Ош шаарындагы "Правосудие-Истина" деп аталган укук коргоо уюмунун мүчөсү болуп чыккандыгы кабарланды. 

"Анын иш столунан 1 ноутбук, флеш-карталар, 14 DVD дисктер жана кол телефон, бир нече паспорттор, түштүк аймагындагы ар кыл 22 уюмдун мөөрү басылган актай кагаздар,  акча каражаттары табылган", — деп билдирди Сыдыков.

Ош ШИИБ өкүлү буга чейин аталган бөлүмдүн кызматкерлери жашыруун түрдө аталган адабияттарды жайылтып жүргөндүгүнө ынангандан кийин тинтүү иштери жүргөнүн кошумчалады. 

Укук коргоочу Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайына 48 саатка киргизилген.

Белгилер:
укук коргоочу, кармоо, экстремизм, Хизб ут-тахрир, Замир Сыдыков
Тема боюнча
34 жаштагы кишинин үйүнөн "Хизб ут-Тахрирдин" адабияттары алынды
Базар-Коргондо кыз-келиндерге экстремизмдин алдын алуу ыкмалары үйрөтүлдү
Тазалоочу айым. Архив

Асылып жанын койбогон жетекчисин швабра менен сабап... Кытайлык кыздын видеосу

(жаңыланган 10:23 19.04.2021)
Видео интернетке жайылып кеткен соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында жетекчинин кызматтан кеткени айтылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.

​Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.

Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.

Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.

Белгилер:
видео, жетекчи, интернет, окуя, Кытай
Тема боюнча
Жумушка барбаш үчүн 4 жолу үйлөнүп, 3 ирет ажырашкан. Тайвандагы окуя
Шаркыратма. Архив

Казакстанда атасы кызы менен шаркыратмага түшүп кеткен. Жүрөк үшүн алган видео

(жаңыланган 13:01 18.04.2021)
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.

Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🄽🄴🅆🅂 Новости Кокшетау (@kokshetauasia)

"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.

Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.

Белгилер:
видео, суу, кыз, ата, окуя, Казакстан
Тема боюнча
Ойногон жеринен таппай калышкан. Бакай-Атада эки жашар бала изделүүдө. Сүрөт
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу