Маршрутканын аласалышынан жабыркагандардын чоо-жайы. Бир кыздын колу кесилди

© Sputnik / Актан ТемиркановБишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө "Форумдун" имаратынын жанында ала салган маршруттук такси
Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө Форумдун имаратынын жанында ала салган маршруттук такси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси бактыга жараша, бул окуядан каза болгондор жоктугун билдирди.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кечки ондо ооруканага 10 адам түштү, анын ичинен бир жаш кыздын колу жанчылып, билектен өйдө жактагы кан тамырлары үзүлүп, жарабай калгандыктан кескенге туура келди. Бул туурасында Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

Түндө Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө "Форумдун" имаратынын жанында маршруттук такси ала салып, бир нече киши жабыркаган.

"Түнкү ондо бизге 10 адамды алып келишти. Бирөө жаш кыз экен, бир жак колу жанчылып, билектен өйдө жактагы кан тамырлары үзүлүп, жарабай калыптыр, анын колун ампутация кылдык. Эттери жанчылган жети адам медициналык жардам алып, өз каалоосу менен үйүнө кетти. Жаракат алган дагы экөөнү өзүбүздүн бөлүмдөргө жаткырдык",— деди Жумабеков.

Мурдунун сөөгү сынып кеткен бир жаранды Улуттук госпиталдын мурун, тамак жана кулак оорулар боюнча бөлүмгө жөнөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Ал бактыга жараша, бул окуядан каза болгондор жоктугун билдирди. 

"Бизде каза болгондор катталган жок", — деди Жумабеков.

Окуяга күбө болгондор кырсыкка кабылган маршруттук унаа Шабдан баатыр көчөсү менен ылдый катуу ылдамдыкта келе жатып аласалып кеткенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0