Күбө: ЦУМдун жанында "Москвич" аялдамага кирип кетип, бир аялды жабыркатты

© Sputnik / Табылды КадырбековТез жардам автоунаасынын архивдик сүрөтү
Тез жардам автоунаасынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанындагы Абдырахманов көчөсүндөгү аялдамага "Москвич" үлгүсүндөгү унаа кирип кетип, бир аялды жабыркатты. Бул тууралуу окуяга күбө болгон окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, аялдамада турган жарандын буту жабыркаган. 

"Аялды машинанын алдынан сууруп чыгып жатышканын көрдүм. Аялдамада туруу да коркунучтуу болуп калды. Жөн эле кирип кетти аялдамага. Дагы жакшы, эч ким өлгөн жок", — деди күбө.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, Тез жардам кызматы жабыркаган аялды алып кетти.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0