Ошто үч адамдын өмүрүн алган кырсык катталды

Жазылуу
Бишкек — Ош унаа жолунун 596-чакырымында Ford Focus үлгүсүндөгү унаа менен Honda Fit кагылышкан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ошто жол кырсыгынан үч адам каза болуп, төрт киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Джип коюп кеткен эне колясканы түртүп ийип балдарын сактап калган. Кан жуткан ата-эне - Sputnik Кыргызстан
Джип коюп кеткен эне колясканы түртүп ийип балдарын сактап калган. Кан жуткан ата-эне
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында саат 07:47де Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында Ford Focus үлгүсүндөгү унаа менен Honda Fit кагылышкан. Натыйжада үч адам каза болуп, төрт киши жабыркаган. 

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар Honda Fit унаасындагы каза болгон адамдарды чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Жабыркаган адамдар Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0