"Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү делинген эки бүлөнүн үйү тинтилди

Жазылуу
Үй ичин дыкаттык менен карап чыкканда жашырылган диний багыттагы китеп, баракчалар, дептерлер табылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Сузак районунун Бек-Абад жана Кургак-Кол айылында жашаган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү делинген эки үйгө соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Тинтүү 25-сентябрда алынган ыкчам маалыматтын негизинде КР 10-Башкы башкармалыгы жана Жалал-Абад ОИИБ, Сузак РИИБдин өздүк курамынан куралган атайын ыкчам топ тарабынан жүргүзүлгөн.

"Эртең менен жүргүзүлгөн тинтүүгө үй ээлеринен сырткары жакын кошуналары, айыл аксакалдары күбө болуп турушту. Алгач, тергөөчүлөр тарабынан үй ээлерине жашырылган мыйзамсыз буюмдарды өз эрки менен алып чыгып берүүнү өтүнүштү. Бирок эки үйдүн тең ээлери мыйзамсыз андай буюмдар жок экенин билдиришкен. Үй ичин дыкаттык менен карап чыкканда жашырылган диний багыттагы китеп, баракчалар, дептерлер чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар делген укук коргоочу кармалды
Кошумча шек жараткан беш даана DVD диск, компьютер жана башка буюмдар алынып экспертизага жиберилди. Теологиялык-экспертизанын корутундусу далил буюмдарды тыюу салынган адабияттар деп аныктаса, кылмыш иши козголот.

Буга чейин да Жалал-Абад облусунун баардык аймактарында мындай тинтүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген. Анын натыйжасында 15 кишге учурда өз эрки менен экстремисттик бул уюмдан чыккан.

ОИИБ акыркы учурда Ноокен районунда да "Хизб ут-Тахрир" уюмунан чыккандардын саны арбып бара жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0