Беш кишини өлтүрүү үчүн чет жактан Ошко келген төрт террорчу кесилди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТүрмө кызматкери. Архив
Түрмө кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Өзбекстандын 22 жаштан 29 жашка чейинки жарандарынын алды 18 жылга чейин эркинен ажыратылды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош шаарына жихад жасоо милдети тагылып жиберилген эл аралык террордук топтун төрт мүчөсүнө 10 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыраткан өкүм чыкты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кытай элчилигиндеги жардыруу - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жардыруу: террорчулук боюнча издөөгө алынган жаран үн катты
Маалыматка ылайык, чечимди Ош шаардык соту чыгарган. Кыргызстан менен Өзбекстандын 22 жаштан 29 жашка чейинки жарандары бандиттик, мыйзамсыз түзүлүштөрдүн катарына кирүү боюнча айыпталып, күнөөлөрү далдиденди. 

Эскерте кетсек, аталган террористтик топ Whatsapp, "Одноклассники" социалдык тармагы аркылуу уюшулуп, мүчөлөрү чет жакта иштеп жүргөндө уюмга кирип кетишкен. Андан кийин жихад жасоо үчүн Ош шаарына жиберилип, алардын ою боюнча капырлар делген жергиликтүү беш тургунду өлтүрүү тапшырмасы берилген. Мындан тышкары, аларга Сириядагы террорчулук аракеттерди каржылоо, акча табуу үчүн бир катар адамдарды тоноочулук милдеттери да жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0