Новосибирскиде 1,5 млн. рубль жасалмалады деп төрт кыргызстандык айыпталууда

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПаспорт. Архивдик сүрөт
Паспорт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жарандардын ишин прокуратура иликтеп бүтүп, сотко өткөрдү.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Новосибирск облусунун прокуратурасы КРдин төрт жараны боюнча кылмыш ишти сотко жибергенин аталган прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Тергөөгө ылайык, Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагында 5 миң номиналындагы акчаларды, жалпы суммасы 1,5 миллион рублду мыйзамсыз сактаган деп айыпталууда.

Аларга карата баалуу кагаздарды жасалмалоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул беренеге ылайык күнөөлүү 8 жылга кесилип, 1 миллион рубль айыпка жыгылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0