Чоң-Алайда айдоочу башкара албай калган Honda Fit сууга түшүп кеткен

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен автоунаа
Сууга түшүп кеткен автоунаа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар жүргүнчүлөрдү жергиликтүү эл менен биргеликте суудан чыгарышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Чоң-Алайдын Чак айылына кеткен жолдо кечээ күүгүм талаш Honda Fit автоунаасы Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Айдоочу автоунааны башкара албай калып, Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен. Анын ичиндеги беш адам аман-эсен",— деп билдирди маалымат кызматы.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар жүргүнчүлөрдү жергиликтүү эл менен биргеликте суудан чыгарышкан. Тез жардам кызматы биринчи медициналык жардам көрсөтүп, ал эми унааны суудан сүйрөтүп чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0