Ош: 7-кабаттан кулаган кыз менен мейманканага барган жигит камалган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери, архивдик сүрөт
Милиция кызматкерлери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мейманкананын кызматкерлери кызды көрөрү менен Тез жардам кызматын чакырышкан.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ошто жетинчи кабаттан кулаган кыз менен мейманканага барган жигит кое берилгенин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди. 

Маалыматка карганда, жигиттен түшүнүк кат алынгандан кийин кое берилген.

"Кыз жигитти кет деп кубалагандан кийин ал мейманканадан чыгып баратып, андагы кызматкерлерге кыз ичимдик ичип алганын айтуу менен көз салып турууну суранган. Анын чыгып баратканы видеого түшүп калган. Жигит мейманканага кайра келгенче кыз өзүн жетинчи кабаттан таштап жиберген", — деп билдирди Сыдыков.

Мейманкананын кызматкерлери кызды көрөрү менен Тез жардам кызматын чакырышкан.

Белгилей кетсек, 3-октябрда 17:50 чамасында Ош шаарындагы мейманканалардын бириндеги кыз жетинчи кабаттан кулап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0