Караколдо жашыруун иш алып барган "Хизб ут-Тахрирчилер" кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБКараколдо жашыруун иш алып барган "Хизб ут-Тахрирчилер" кармалды
Караколдо жашыруун иш алып барган Хизб ут-Тахрирчилер кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта алар эл арасында халифат орнотуу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу идеясын жайылтып жүргөн деп айтылат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарында "Хизб ут-Тахрир" террордук жана диний экстремисттик багыттагы жашыруун иш алып барган ячейканын иши токтотулду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Милиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар делген укук коргоочу кармалды
Алар эл арасында халифат орнотуу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу идеясын жайылтып жүргөн деп айтылат маалыматта. 

Алардын жанын тинте келгенде кармалган эки кишиден бир топ сандагы DVD-дисктер, тыюу салынган адабияттар, китеп-журналдар жана баракчалар табылган. 

УКМК бул факты боюнча тергөө иштери башталгандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0