Окубаган 6 балага аттестат берүүгө аракеттенген директор колго түштү

Жазылуу
Мектеп директору маселени тергөөсүз чечүү үчүн милиция кызматкерлерине пара сунуштаган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы мектептердин биринде сабакка катышпаган алты окуучуга аттестат тапшыруу буйругу берилгенин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады. 

Анын айтымында, аталган фактыга ылайык мектеп директоруна кылмыш иши козголду. 

"Ош шаарынын тургунунун арызы боюнча мектепте текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Россияда иштеп сабакка катышпаган алты окуучуга орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатты тапшыруу буйругу берилгени аныкталды. Мектептин директору маселени тергөөсүз чечүү үчүн милиция кызматкерлерине 100 доллар сунуштаган. Ал ошол акчаны берип жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган фактыга ылайык директорго кошумча дагы 314-пара берүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүдөн сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0