Түркиянын Мармарисинде сойкулук кылган эки кыргыз кыз кармалды

Жазылуу
Кыргызстандык кыздар Мугла округундагы полициянын миграциялык бөлүмүнө өткөрүп берилди.

БИШКЕ, 12-окт. — Sputnik. Түркиянын Мармарис шаарында полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында сойкулук менен алектенген эки кыргызстандык кыз кармалгандыгы тууралуу Түркиянын Haberler агенттиги жазып чыкты. 

Сауна. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: Бишкекте сойкулардын кызматын тартуулган сауна табылды
Текшерүү иштери шаардагы мейманканалардын биринде жүргүзүлгөн. Натыйжада төрт сойку жана алар менен кызматташууга шектелген мейманкананын эки кызматкери кармалган. Кармалгандардын экөө 21 жана 22 жаштагы кыргызстандык кыздар экени белгилүү болду. 

Агенттиктеги маалыматка караганда өздөрүн Түркиянын жараны катары тааныштырган эки сойкуга 1000 лир өлчөмүндө айып пул салынган. Ал эми кыргызстандык кыздар Мугла округундагы полициянын миграциялык бөлүмүнө өткөрүп берилген. Ал эми мейманкананын ээси менен кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0