Шым чөнтөгүнө 4 шумкарды катып бараткан арабдар аэропорттон кармалды

© Фото / пресс-служба ГПС КРПопытка вывезти из Кыргызстана четырех соколов-балабанов
Попытка вывезти из Кыргызстана четырех соколов-балабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин алар УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө берилген.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунан төрт шумкарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Бириккен Араб эмирлигинин эки жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар 14-октябрда колго түшүрүлгөн.

© Фото / пресс-служба ГПС КР"Манас" эл аралык аэропортунан төрт шумкарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Бириккен Араб эмирлигинин эки жараны кармалды.
Попытка вывезти из Кыргызстана четырех соколов-балабанов - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Манас" эл аралык аэропортунан төрт шумкарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Бириккен Араб эмирлигинин эки жараны кармалды.
© Фото / пресс-служба ГПС КРКызматкерлер "Бишкек — Дубай" каттамы менен бара турган жүргүнчүлөр шымынын чөнтөгүнөн баштыкка бир нерселерди жан далбастап салып жатканын байкашкан.
Попытка вывезти из Кыргызстана четырех соколов-балабанов - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кызматкерлер "Бишкек — Дубай" каттамы менен бара турган жүргүнчүлөр шымынын чөнтөгүнөн баштыкка бир нерселерди жан далбастап салып жатканын байкашкан.
1/2
"Манас" эл аралык аэропортунан төрт шумкарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Бириккен Араб эмирлигинин эки жараны кармалды.
2/2
Кызматкерлер "Бишкек — Дубай" каттамы менен бара турган жүргүнчүлөр шымынын чөнтөгүнөн баштыкка бир нерселерди жан далбастап салып жатканын байкашкан.

"Паспортту текшерүү учурунда чек арачылар Араб эмирлигинин эки жаранынын адаттан тыш кыймыл-аракетин байкашкан. Алардын документтери жайында болгону менен чек арачылар алардын өзүнө көз салууну чечкен", — деп айтылат маалыматта.

Кызматкерлер "Бишкек — Дубай" каттамы менен бара турган жүргүнчүлөр шымынын чөнтөгүнөн баштыкка бир нерселерди жан далбастап салып жатканын байкашкан. Учактын коштоочулары чек ара кызматын чакырган. Алардын жүктөрүн текшере келгенде канаттары жана буттары таңылган төрт шумкар чыккан. 

"Сурак учурунда аталган жарандар шумкарларды шымдарынын сан жагына кошумча тигилген чөнтөктөргө салып алып өтүшкөнү белгилүү болду", — деп Чек ара кызматы билдирди.

Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин алар УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө берилген.

Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлардын сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0