Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь айылында Жигули унаасы жолдон чыгып, жарга түшүп кеткен

Базар-Коргондо "Жигули" жардан кулап, үч киши мерт кетти

525
(жаңыланган 10:36 17.10.2016)
Рулда Россия жараны отурганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь айылында "Жигули" унаасы жолдон чыгып, жарга түшүп кеткен. Натыйжада үч киши каза болгонун ӨКМ билдирди.

  • Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь айылында Жигули унаасы жолдон чыгып, жарга түшүп кеткен
    Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь айылында "Жигули" унаасы жолдон чыгып, жарга түшүп кеткен
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Натыйжада үч киши каза болгонун ӨКМ билдирди.
    Натыйжада үч киши каза болгонун ӨКМ билдирди.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 16-октябрда саат 9.40та болгон. Унааны башкарып келе жаткан айдоочунун Россия жараны экени аныкталды.
    Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 16-октябрда саат 9.40та болгон. Унааны башкарып келе жаткан айдоочунун Россия жараны экени аныкталды.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь айылында "Жигули" унаасы жолдон чыгып, жарга түшүп кеткен

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 16-октябрда саат 9.40та болгон. Унааны башкарып келе жаткан айдоочунун Россия жараны экени аныкталды. 

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, маркумдардын сөөгүн алып чыккан.

525
Белгилер:
Жигули, унаа, кырсык, Базар-Коргон
Тема боюнча
Бишкекте түндө карлуу жолдо эки кырсык болуп, эки киши мерт кетти
Машина кагып кеткен киши каза болду. Айдоочу качып кетти
Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалар

Милиция Баткенде кармалган тажикстандык фуралардагы жүктү көрсөттү. Сүрөт

155
(жаңыланган 12:53 12.05.2021)
Милициянын берген маалыматы боюнча, бул автоунаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалары Россиядан келе жатканын облустук милиция билдирди.

ОИИБдин маалымат кызматы фуралар турмуш-тиричилик үчүн колдонулган күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жүктөп баратканын көрсөтүп, сүрөтүн жарыялады.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы Баткен шаарынын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Автоунааларды ички иштер органынын кызматкерлери коштоп бара жаткан.

Милиционерлер фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Тажик жарандарынын коопсуздугу үчүн коштоп баруу чечими кабыл алынганы айтылган. Бул жүк ташыган унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылары белгиленди.

155
Белгилер:
милиция, буюм, фура, Баткен облусу
Тема боюнча
Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
ИИМ кызматкерлери. Архив

Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды

114
(жаңыланган 12:40 12.05.2021)
Кечээ тажик жарандарынын үч фурасы Баткен шаарынын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган болчу.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Баткенде Тажикстандын жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү башталды. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы шаардын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Ошол учурда аны коштоп келе жаткан ИИМ кызматкерлери жарандар менен урушуп, сөгүнүп-сагынган видеосу тараган.

"Фуралар эл тарабынан токтотулганда ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери жарандарга орой мамиле жасап, жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видео соцтармакка тарап, милициянын беделине шек келтирди. Кызматкерлер жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Анын жыйынтыгы менен тартиптик чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Милиционерлер аталган фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Жүк ташуучу унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмаштырылары айтылган.

114
Белгилер:
милиция, териштирүү, Жаңжал, фура, Тажикстан
Тема боюнча
Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Электр зымдары. Архив

Дүйнөлүк банк КРде электр энергиянын баасын өзгөртүүнү кубаттады

0
(жаңыланган 14:14 12.05.2021)
Аталган уюм бүгүнкү күндө Европа менен Борбор Азияда электр кубатынын эң арзан тарифи Кыргызстанда экендигин билдирген.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Дүйнөлүк банк (ДБ) Кыргызстандын бийлиги менен биргеликте өлкөдөгү электр кубатынын тарифин кайра карап чыгуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти журналисттерге айтты.

"Тарифтер энергетика тармагынын чыгымдарын жабуу үчүн өзгөртүлүп жатат. Дүйнөлүк банк бул чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жасалган кадам болгон үчүн колдоду. Калктын жетишпей жашаган катмары үчүн социалдык тариф каралганын угуп кубандык", — деген Бьерде.

Аталган уюмдун өкүлү тариф реформасы жетишпей жашагандарга кедергисин тийгизбеши керек деген пикирин билдирген.

"Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз, себеби бүгүнкү күндө Европа менен Борбор Азияда электр кубатынын эң арзан тарифи Кыргызстанда. Муну менен катар эле тариф реформасы жетишпей жашагандардын мойнуна жүк болбошун каалайбыз", — деген ДБдин өкүлү.

21-апрелде Садыр Жапаров электр кубатынын тарифтерин өзгөртүүнү сунуштаган.

Категориялар:

  • Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 74 тыйын;
  • Жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына 1,04 сомдон;
  • Колунда барларга 1,48 сомдон белгилеп, киловатт-сааттык чекти алып салуу (кышкысын бул категориядагы жарандан 1000 киловатт-сааттан ашканда 2,29 сомдон төлөшү мүмкүн).
0
Белгилер:
тариф, электр кубаты, дүйнөлүк банк, Кыргызстан
Тема:
Жапаров электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштады