Бишкекте "түнкү көпөлөктөрдүн" уюгу табылды

© AFP / VALERY HACHEПроблема проституции во Франции
Проблема проституции во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов райондук соттун чечими менен тинтүүгө санкция алынып, текшерүү учурунда саунанын 39 жаштагы администратору кармалган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Шаардык милициянын кызматкерлери саунадан интимдик кызмат көрсөтүп иштеген кыздардын жайы табылды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Бишкек ШИИБдин кылмышты иликтөө башкармалыгын адеп-ахлак менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери атайын чакыруу менен келип, шектүү жерди текшерген.

"Күрөңкеев атындагы көчөдөгү үйлөрдүн биринде 40-45 жаштагы аялдар көптөн бери интимдик кызмат көрсөткөн жайды кармап келери боюнча билдирүү түшкөн. Аталган факты боюнча материалдар чогултулуп, ШИИБ тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Сойкулук менен алектенүү жана уюштуруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык Свердлов райондук соттун чечими менен тинтүүгө санкция алынып, 14-октябрда болгон текшерүү учурунда саунанын 39 жаштагы администратору кармалган. Анын жанынан алдын ала атайын белги коюлган 2500 сом алынган. Андан сырткары, жеңил ойлуу үч кыз аныкталып, Бишкек ИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0