Түзөтүү колониясынан эки ай мурун качып чыккан жаран чек арадан кармалды

© Sputnik / Олег Пашук / Медиабанкка өтүүЖенская колония N 13 в Тобольске
Женская колония N 13 в Тобольске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран тиешелүү документтер даярдалгандан кийин Жаза аткаруу кызматына өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет жасаган жаран кармалганын Чек ара кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда 22 жаштагы бала Кыргызстандын аймагына Чу дарыясы аркылуу өтүүнү көздөгөн. 

"Териштирүү иштеринен кийин мыйзам бузуучу түзөтүү колониясынан качып, эки айдан бери издөөдө жүргөнү аныкталды", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган факт боюнча тиешелүү документтер даярдалгандан кийин жаран Жаза аткаруу кызматына өткөрүп берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0