БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында болгон жардыруудан КР жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, 25-октябрда Анталья шаарынын соода-өнөр жай палатасынын жанындагы автоунаа токтотуучу жайда жардыруу болгон. Андан онго жакын киши түрдүү жаракаттарды алган.
Түркиялык жеригиликтүү ЖМКлардын маалымдашынча аталган имаратта калаа башчысынын катышуусу менен атайын иш-чара өтмөк.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ташкент шаарындагы "Шовотландия" кафесине өрт коюуга шектелген адам кармалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Чилензарск районундагы кафеден чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 27-февралда түнкү саат 3:51лер чамасында түшкөн. Жалын саат 4:37де чектөөгө алынган. Кийинчерээк шаардык милиция башкармалыгы кырсык болгон жерден беш студент ууланып каза болгонун кабарлаган.
Милиция Самарканд облусуна караштуу Тайлак районунун тургуну, мурда соттолгон жаран атайылап өрт коюушу мүмкүн деп эсептеп жатат.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, ал 27-февралда саат 3:30да Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен кафеге келип, дубалына белгисиз суюктук чачкан. Андан соң ичине дагы бир идиштеги суюктукту ыргытып күйгүзүп жиберген. Шектүү өрт тутанганча карап туруп, анан качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча "Атайылап жок кылуу жана мүлктү зыянга учуратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнү Ташкент прокуратурасы жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.
"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов опера жана балет театрынын аталышын өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Бул туурасында документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.
22-февралда "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому чыккан. Ага ылайык, "А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" "А. Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деп өзгөртүлгөн.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги театрдын аты өзгөртүлбөгөнүн, болгону документ Юстиция министрлигиндеги маалыматка дал келтирилгенин билдирди.
"Опера жана балет театры мурда Юстиция министрлигинде "А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" деп катталган. Өкмөттүн токтому менен биз болгону документти иретке келтирдик", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Мындан сырткары, өкмөттүн чечими менен Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына өттү.