Бишкекте поезддин алдында калган жигиттин колу-буту жулунуп кетти

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЭлектропоезд сбил людей на северо-западе Москвы
Электропоезд сбил людей на северо-западе Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткан жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө Ленин атындагы заводдун жанында кырсык болуп, бир кишинин поезддин алдында калганын күбө болгон адам Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя шейшемби күнү саат 21.00дөр чамасында болгон. Кырсыктан улам анын колу-буту жулунуп кеткен.

"20-25 жаштагы азиат улутундагы жигит болчу. Селсаякка деле окшобойт. Ичип алган болушу мүмкүн. Тез жардам кызматы аны алып кеткен. Тирүү болчу", — дейт күбө.

Бул маалыматты шаардык милиция тастыктады.

Жабыр тарткан киши Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алынып келген. Ал жактан маалымдагандай, бейтаптын абалы оор, учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0