Баткенде ири көлөмдөгү баңгизат менен тажик жараны кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСитуация в городе Ош
Ситуация в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тинтүү учурунда анын жанындагы газ баллондун ичинен дээрлик 22 килограмм нашаа табылган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы "Баткен — Исфана" жолунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Тажикстандын 41 жаштагы жараны 21 килограмм 805 грамм нашаа менен кармалды. Бул туурасында Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Ал баңгизатын сатууга тийиштиги бар деп шектелип жатат.

"Тинтүү учурунда газ баллондун ичине жашырылган баңгизат табылды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, башка кишилердин да тийиштигин аныктоо боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0