Милиция баңгизат шеги менен ширеңке кутусуна окшогон затты алып жүргөн жигитти кармады

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүРабота экспертного центра Управления на транспорте МВД по ЦФО
Работа экспертного центра Управления на транспорте МВД по ЦФО - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип сакчылары 25 жаштагы жигиттин изине Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун аймагынан түшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбор калаанын милициясынын баңгизатка каршы күрөшүү кызматкерлери ширеңкелердин кутусу сымал жасалып, кара куурайдын жытына окшогон, ачык-жашыл түстөгү 309 граммдык затты алып жүргөн кишини кармады. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

"Ыкчам маалыматтардын негизинде баңгизатка каршы күрөшүү кызматкерлери Муромская жана Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинен 25 жаштагы жаранды кармады. Аны текшере келгенде полиэтилен баштыкка салынган ширеңкелердин кутусу сымал жасалып, кара куурайдын жытына окшогон, ачык-жашыл түстөгү 309 граммдык зат табылды", — деп айтылат маалыматта.

Милициядан учурда бул факты боюнча топтолгон маалыматтар Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0