Лейлекте жоголду делген эки жашар наристе тоодо жалгыз түнөгөн

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиГорная дорога в село Зардалы в Баткенской области
Горная дорога в село Зардалы в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чарчап алы кеткен баланы милиция кызматкерлери дароо жергиликтүү ооруканага жеткиришкен.

БИШКЕК, 3-ноя.— Sputnik. Лейлек районунда эки күндөн бери жоголуп жаткан эки жашар бала тоодон табылды. Бул тууралуу Ички иштер министринин маалымат кызматы билдирди.

Баткен облусунун Лейлек районунда 1-ноябрь күнү түшкү саат 12лер чамасында эки жашар М.О аттуу бала жоголгон. 

Мас болгон ата төрт жашар уулун кантип жоготуп алганын айтып берди
Иликтөө иштери учурунда маалым болгондой, апасы жумуштап баласын туугандарыныкына таштап кеткен. Баланы көчөдөн, кошуналардын үйүнөн издеп таппай койгон соң, дароо милиция кызматкерлерине чалган. 

Эки күндөн кийин наристе саат 15тер чамасында Адыр-Таш аймагынын жанындагы тоодон табылган. Баланын бут кийими жана башындагы шапкеси түшүп калган. 

Чарчап, алы кеткен баланы милиция кызматкерлери дароо жергиликтүү ооруканага жеткиришкен.

Учурда баланын абалы жакшы, ата-энесине берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0