Тез жардам: өрттөн жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок

© Sputnik / Актан ТемиркановСотрудники МЧС на месте пожара на западе Бишкека
Сотрудники МЧС на месте пожара на западе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ да бул фактыны тастыктап, Садыгалиев жана Мурманск көчөлөрү жактагы кампа өрттөнүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Садыгалиев жана Мурманск көчөлөрү тарапта чыккан өрттөн жабыркагандар боюнча маалымат түшпөгүнүн Тез жардам кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын батыш тарабын кара түтүн каптаганын интернет колдонуучулар социалдык тармак аркылуу маалымдашкан. ӨКМ да бул фактыны тастыктап, Садыгалиев жана Мурманск көчөлөрү жактагы кампа өрттөнүп жатканын билдирди. Өрт тууралуу маалымат саат 13.03дө келип түшкөн.

Мотор майлары сакталган кампадан чыккан кара түтүндү Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0