Мотор майлары сакталган кампада чыккан өрттү 80 өрт өчүргүч өчүрүүдө

© Sputnik / Актан ТемиркановСотрудники МЧС на месте пожара на западе Бишкека
Сотрудники МЧС на месте пожара на западе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт тууралуу билдирүү саат 13:03тө келип түшкөн. Учурда кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчү 8 машина иштеп жатат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Мотор майлары сакталган кампада чыккан өрттү 80 өрт өчүргүч өчүрүп жатканын ӨКМ билдирди.

Бишкектин батышында өрттөлгөн кампанын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин батышында өрттөнгөн кампанын асмандан көрүнүшү
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү саат 13:03тө келип түшкөн. Учурда кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчү 8 машина иштеп жатат.

Ошондой эле ӨКМдин куткаруу кызматы, тез жардам жана патрулдук милиция күзөтүүдө.

"Тазалык" ишканасынын суу ташыган төрт машинасы да иштеп жатат.

Тилсиз жоону көбүк менен өчүрүп жатышканын ӨКМдые ыкчам башкармалыгынын жетекчиси Урматбек Шамырканов кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0