Борбор калаанын батыш жагында кечээ мотор майлары сакталган кампада чыккан өрттү өчүрүү. Архивдик сүрөт

Бишкек шаарында чыккан өрт бүгүн эртең менен өчүрүлдү

412
(жаңыланган 11:09 06.11.2016)
Кампадагы жалындаган мотор майларынын өртүн өчүрүү үчүн ӨКМдин бир нече бөлүмү андан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана муниципалдык ишкана тартылган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын батыш жагында кечээ мотор майлары сакталган кампада чыккан өрт толугу менен бүгүн эртең менен 8:25те өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Кечээ "Чексиз" ЖЧКсынын кампасында чыккан өрттү өчүрүү үчүн Өрткө каршы кызматтын сегиз бригадасы иштеп, эки бийик тепкич пайдаланылган. Мындан сырткары ӨКМдин бир нече тобу, куткаруучулар тобу, Кризистик абалга каршы иш алып бара турган башкы башкармалыктын көчмө тобу, ИИМдин кызматкерлери, "Тазалык" ишканасынын суу ташыган төрт машинасы жана 80ге чукул өрт өчүрүүчү иштеген. 

Кечээ 5-ноябрда саат 13:03тө Бишкек шаарынын батыш тарабында өрт чыкканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Садыгалиев жана Лев Толстой көчөлөрү жакта мотор майлары сакталган кампа күйгөн. Тилсиз жоо 2,5 миң метр чарчы аянтка жайылган.

Бишкектин батышында өрттөнгөн кампанын асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

412
Белгилер:
Бишкек, өрт, куткаруучу, мотор, кампа
Тема:
Бишкек шаарынын батыш тарабында чыккан өрт (10)
Тема боюнча
Мотор майлары сакталган кампада чыккан өрттү 80 өрт өчүргүч өчүрүүдө
Бишкектин батышында өрттөнгөн кампанын асмандан көрүнүшү
Калааны каптаган кара түтүн, өрттөнгөн кампа — Бишкектеги өрт
Поезд. Архив

Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты

74
(жаңыланган 18:55 18.09.2021)
Жигит поезддин берген сигналына маани бербегени айтылды. Машинист поездди токтоткону менен жаран ага урунуп көз жумган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте жүк ташуучу поездге урунуп жаш жигит каза болгонун "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматта кырсык саат 10.12лер чамасында Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды.

"Алдын ала маалымат боюнча, темир жол менен бараткан Р. уулу Э. сигналга маани бербей койгон. Машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Маркумдун 21 жашта экени белгилүү болду.

74
Белгилер:
поезд, темир жол, машинист, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео
Кишенделген жаран. Архив

УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды

99
(жаңыланган 17:30 18.09.2021)
Аскер кызматкери укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан бүгүн колго түшүрүлдү. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Чек ара кызматынын аскери адам өлтүрүүгө шектелип калмалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Билдирүүгө караганда, 18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын четинен эркек кишинин сөөгү табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары УКМКнын Чек ара кызматынын эмгек өргүүсүндө жүргөн С.П. аттуу аскер кызматкери кармалды.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, 17-сентябрь күнү аталган аскер кызматкери эки досу менен үлпөт тойдон кайтып келе жатып уруша кетишкен. Алгач достор кайым айтышып, кийин мушташканга чейин жеткен. Жыйынтыгында достордун бири көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 18-сентябрда, аскер кызматкери укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

99
Белгилер:
УКМК, Мамлекеттик чек ара кызматы, Аскер, өлүм, шектүү
Тема боюнча
Өзбекстанда Кыргызстандан ири көлөмдө баңгизат ташыган адамдар кармалды
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

0
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

0
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот